"Бакунун достукка жатпаган иш-аракеттерине жана россиялык журналисттердин мыйзамсыз кармалышына байланыштуу Азербайжандын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды", — деди РФ ТИМи.
"Sputnik Азербайжандын Бакудагы кеңсесинде "ФСБ кызматкери" делген эки адам кармалды. Чындыгында алар россиялык маалымат агенттигинин кызматкерлери. “Азербайжандын коопсуздук күчтөрү сөз эркиндигин, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк эркиндигин тааныган жана коргогон Адам укуктарынын жалпы декларациясын, Жарандык, саясий укуктар боюнча эл аралык пакт сыяктуу эл аралык конвенцияларды жана декларацияларды бузуп жатканы таң калтырат”, — деп айтылат уюмдун Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө.
"Биз Бакудагы өкүлчүлүгүбүздө болуп жаткан окуяларды адилетсиздик катары кабыл алып жатабыз. Sputnik Азербайжандын журналисттик ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар болгон эмес. Мен Россиянын президенти Владимир Путин айткандай, “ортодогу топ өзү каалаганын жасайт” дегенге ишенгим келет. Россия менен Азербайжандын лидерлеринин мамилесинде андай нерсе жок”, —деди ал.