Коомдук транспортту кылдат айдап элдин алкышына татыган айдоочу Айсулуу Мамат кызы

Sputnik
Жакында эле Бишкек шаарында тургун №10 каттамдагы коомдук транспорттун айдоочусуна өзгөчө ыраазычылыгын айткан билдирүүсү тарап, коомчулукта жылуу пикирлерди жаратты. Анда айдоочу автобусту кылдат, жай жана коопсуз айдары, ошондой эле шаар ичинде жол кыймылынын маданиятын жогорулатууга ири салым кошуп жатканы айтылат.
Буга байланыштуу көптөгөн позитивдүү пикирлер айтылып, мындай сабырдуу жана жоопкерчиликтүү айдоочулар бүгүнкү күндө сейрек кездешерин белгилешүүдө. “Стимул” программасынын бул жолку коногу дал ушул Бишкек шаардык транспорт мекемесинин айдоочусу Айсулуу Мамат кызы.