ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экспорттоо өстү. Кайсы тармак жакшырды?

Sputnik
2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстандан мал чарба продукциясынын экспорттоонун көлөмү өскөн.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сүт азыктарынын экспорттук көлөмү 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 628 тоннага көп болду.
“Ачык кеп” программасында Бексултан Нурбек уулу айыл чарба азыктарын ЕАЭБдин ичинде жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жаатындагы ветеринардык кызматтын иши, ишкерлерге түзүлгөн шарт, азык-түлүктүн сапаты, экспорттун көлөмүнүн өсүшү өңдүү бир катар суроолорго жооп берди.