Билим берүү мекемелери окуу жылын аяктап, окуучулар жайкы каникулга тарады. Бул убакты айрым балдар эс алууга коротсо, айрымдары ата-энесине жардам берип же кайсы бир жерде эмгектенип акча табууга аракет кылат. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында жайкы эс алуу учурунда өспүрүмдөр кандай жумуштарга иштесе болору, дегеле балдардын эмгек укугу жана ал кандай корголору тууралуу кеп кылдык. Биздин сурооорубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өркүндөтүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев жооп берди.