Кыргызстандагы беш жогорку окуу жай QS тарабынан түзүлгөн ЖОЖдордун дүйнөлүк рейтингине кирди. Ал тизмеде кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Кыргыз-Россия Славян университети, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Ошондой эле Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети бар.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында дал ушул тизмеге кирген Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университети жана аталган тизме тууралуу маектешебиз. Биздин суроолрубузга Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин репутация жана кызматташтык боюнча координатору, техника илимдеринин доктору, профессор Эркин Боронбаев жооп берди.