Күзүндө Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитине Путиндин келиши күтүлүүдө

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Күзүндө Кыргызстанда өтө турган ЖККУ саммитине Россия президенти Владимир Путиндин келиши күтүлүүдө. Бул туурасында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуусунда билдирди.
Ал Россиянын Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылууга бардык тараптан колдоо көрсөтүп жатканына токтолду. Быйыл ошондой эле Россия өкмөтүнүн төрагасынын расмий сапары күтүлүп жатканын кошумчалады.
Министрлер эки өлкөнүн президенттик, премьер-министрлик деңгээлдеги жана парламенттер аралык кызматташтыгын жогору баалашты. КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы мамилеге өзгөчө басым жасалды.
"Экономика, инвестиция, транспорт, логистика жана климат багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бул түзүмдөрдүн дараметин жогорулатуу боюнча бирдиктүү түшүнүгүбүз бар", — деди Кулубаев.
Эскерте кетсек, Сергей Лавров Кыргызстанга кечээ расмий сапар менен келген.
Сергей Лавров Садыр Жапаров менен жолукту. Талкууланган маселелер