Чолпон-Атада Сергей Лавровдун расмий сапары башталды

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн, 29-июнда, Чолпон-Ата шаарында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды.
Алгач Кыргызстан менен Россия министрлери сүрөткө түшүштү, эми тар курамда жыйын өткөрүшөт.
Лавров 29-30-июнь күндөрү президент Садыр Жапаров жана ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушат. Мындан тышкары, ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышары айтылган. Сапардын максаты — эки өлкөнүн ортосундагы мамилени бекемдөө.
Минскидеги ЕАЭБ саммитинде кандай документтерге кол коюлду. Тизме