БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн жырылышынын кесепетин жоюуга 76 адам, 12 техника тартылды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Куткаруучулар жолдорду, көпүрө, сел өтүүчү каналды калыбына келтирип жатышат. ӨКМ көлдүн абалына эки адис аэровизуалдык байкоо жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, өткөн жума күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган.
Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Кечээ Такыр-Төр көлүнөн коркунуч жаралган аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени айтылган.