БИШКЕК, 29-июн. —Sputnik. "Манас" эпосундагы каармандардын аты менен сауна жана тамеки продукцияларын атоого болбойт. Маданият министрлиги министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыкты.
Анда эпостогу каармандардын ысымын (Манас, Семетей, Сейтек, Бакай ж.б.) Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана коргоо комиссиясынын чечими менен гана колдонууга уруксат берүү каралган.
Кеп объектилер менен продукцияга аталыш берүү жөнүндө болууда. Документте комиссия уруксатын маданий мурастарга сый мамиле жасалып, мааниси өзгөртүлбөгөн учурларда гана берери айтылган.