Лавров: Ысык-Көл — Евразиянын бермети

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Ысык-Көл — Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Евразиянын бермети. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында айтты.
Ал Кыргызстан ТИМинин жетекчиси Жээнбек Кулубаевге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирген.

“Табият ушунчалык кооз. Ысык-Көл чындап Кыргызстандын эле эмес, жалпы Евразиянын бермети”, — деди Лавров.

Министр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле өз ара сый-урматка негизделгенин белгиледи.
“Биз ар дайым бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды эске алып иш жүргүзөбүз. Тилектештердин, стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы алака чынында ушундай болот. Байланышты бекемдөө элдерибиздин ортосундагы ишенимди шарттайт”, — деди РФ ТИМинин башчысы.
Эскерте кетсек, Лавров Кыргызстанга кечээ келген. Расмий сапары бүгүн Чолпон-Атада башталды. Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу каралган. Мындан тышкары, ЖККУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат.
Лавров: Батыш эч качан Россияга “стратегиялык сокку” ура албайт