ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Россияны стратегиялык жеңилүүгө тушуктурууга мүмкүн эмес экенин Батыш аңдай баштады. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп жатып билдирди.
Лавров эки элдин бекем алакасына токтолуп, азыркы оңой эмес кырдаалда колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Эки өлкө бардык тармак боюнча тыгыз байланышта. Мындай мамиле өзгөчө азыркы кескин өзгөрүп кеткен эл аралык кырдаалда, Россиянын жамааттык Батыш менен тирешип турган маалында чоң мааниге ээ. Батыш Россияны стратегиялык жеңилүүгө тушуктуруу үчүн Киевди пайдаланып жатат. Бирок бул эч качан колунан келген эмес, эми да максатына жетпейт. Муну акырындап өздөрү да түшүнө башташты окшойт”, — деди россиялык министр.
Эскерте кетсек, Лавров Кыргызстанга кечээ келген. Расмий сапары бүгүн Чолпон-Атада башталды. Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу каралган. Мындан тышкары, ЖККУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат.