ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. —Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ысык-Көлдө кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолугуп жатып Бишкектин Украина маселесин жөнгө салуу боюнча позициясына ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, россиялык министр Кыргызстанга кечээ келген.
Тараптар эл аралык күн тартибинде турган Жакынкы Чыгыш, Палестина, Ирандын айланасындагы маселелерди талкуулашкан.
"Биз Украина маселесин жөнгө салуу боюнча аракеттерге карата Бишкектин тең салмактуу, объективдүү позициясына ыраазыбыз", — деди Лавров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарган сөзүндө.