Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министри келет

Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. —Sputnik. Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин расмий сапар менен келе турганын өлкө ТИМи билдирди.
Маалыматта Мухриддин кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 30-июнда келе турганы айтылат. Сапар 1-июлда соңуна чыкмакчы.
Тышкы иштер министрлиги тараптар кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулай турганын кабарлады.
Чолпон-Атада Сергей Лавровдун расмий сапары башталды