ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанга ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов келди.
Ал эртең Чолпон-Ата шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышмакчы.
Иш-чара Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында өтөт. Катышуучулар эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мында террорчулук, экстремизм, трансулуттук кылмыштуулук жана киберкоопсуздук менен маалыматтык чакырыктарга каршы туруу аракеттерине өзгөчө басым жасалмакчы.
Жыйындын соңу менен ЖККУ өлкөлөрүнүн байланышын чыңдай турган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүп жатат.