Ысык-Көлдө РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун расмий сапары өтүп жатат. Видео

Чолпон-Ата шаарында Россия ТИМ башчысы Сергей Лавровдун расмий сапары өтүп жатат.
Sputnik
Алгач Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары жолугуп, сүрөткө түшүштү. Андан соң тар курамда жыйын өткөрүштү.
Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келген. Ал 29-30-июнь күндөрү президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Мындан тышкары, ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышмакчы.
Тема боюнча:
Лавров: Ысык-Көл — Евразиянын бермети
Лавров: Батыш эч качан Россияга “стратегиялык сокку” ура албайт