Жапаров: Кыргызстан Россия менен кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан Россия Федерациясы менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ал союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда ырааттуу бекемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп жатып билдирди.
Президент Россия Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеп, Россиядан келген түз инвестициялар оң динамиканы көрсөтүп жатканына токтолду. Жапаровдун айтымында, Россия өлкөнүн ири инвестору бойдон калууда.
Жапаров Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, аны инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги куралдардын бири деп атады.
"Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана прогресс жолунда ишенимдүү бара жатат. Биздин артыкчылык берген багыттарыбызга энергетика, транспорт, санариптештирүү, туризм, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана өтө маанилүү минералдык ресурстарды өздөштүрүү кирет", — деди президент.
Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алды менен Россия президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.
Лавров Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, Россия негизги багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Соңунда тараптар союздаштык мамилелерди дагы да болсо өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Кыргызстанга Украина боюнча позициясына ыраазычылык билдирди