Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуш чындыгын коргоо аракетин колдойт. Кулубаевдин сөзү

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу фактылардын бурмаланышын алдын алуу жана тарыхты коргоо боюнча аракеттерди дайым колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугуп жатып билдирди.

“Улуттук гвардиянын аскерлеринин Москвадагы Кызыл аянтта өткөн Жеңиш парадына катышуусу биз үчүн абдан маанилүү. Муну кыргыз элинин согуш жылдарындагы эрдигине жана Улуу Жеңишке кошкон эбегейсиз салымына болгон урмат-сый деп билебиз. Тарыхый чындыкты коргоого, Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу фактылардын бурмаланышын алдын алууга жасалган биргелешкен аракеттерди дайым колдойбуз”, — деди Кулубаев.

Россия Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын сактоо аракетин баалайт