ЧОЛПОН-АТА, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө миграция маселесин талкуулашты.
Кулубаевдин журналисттерге берген маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын Россияда жүрүү тартиби эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги орчундуу маселелердин бири болуп саналат.
“Россия сымал эле биз да мекендештерибиздин РФ аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн, ыңгайлуу эмгек шартынын жана социалдык кепилдиктердин болушун каалайбыз”, — деди министр.
Кулубаев маданий-гуманитардык багытта да талкуу жүргөнүн белгиледи. Анын айтымында, билим берүү тармагындагы кызматташуу жемиштүү болуп жатат, өлкө башчыларынын Кыргызстанда россиялык тогуз мектептин курулушу боюнча масштабдуу демилгелери ойдогудай ишке ашууда. Жолугушууда миңдеген кыргызстандык студенттер Россияда билим алып жатканы да айтылды.
“Чет жактагы орус мугалим” долбоору ийгиликтүү иштеп жатат. Россотрудничество менен “Евразия” уюму тарабынан билим берүүчү долбоорлор ишке ашууда. Баарынын өлкөбүз, элибиз үчүн мааниси чоң. Театр, чыгармачыл жамааттар, искусство ишмерлеринин гастролдору боюнча да байланыш туруктуу”, — деди Кулубаев.