БИШКЕК, 29-Июн. — Sputnik. 30-июнь, дүйшөмбүдө, күндүз тоолуу райондордо күн күркүрөп, өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Баткен жергесинде +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28, Нарын аймагында +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.