БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Такыр-Төр көлүндөгү агып жаткан суунун көлөмүндө өзгөрүү жок, ал секундасына төрт куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Ысык-Ата районундагы Алмалуу жана Кебек бий (Тоолуу Серафимовка) айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайын посттор уюштурулган.
“Агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт”, – дешти мекемеден.
Аймакта ӨКМдин ыкчам тобунун 5 кызматкери бар, ошондой эле 7 техника даярдыкта турат.
Эске салсак, кечээ саат 17:30дар чамасында Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Тоолуу Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган.
Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган жок, абал министрдин көзөмөлүндө экени айтылган.