БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Такыр-Төр көлүнөн коркунуч жаралган аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылына райондук электр тармактарынан 16 кызматкер тартылып, мамыларды бекемдөөдө.
Аймакта ӨКМден, райондук жарандык коргонуу кызматынан, ИИМден жана айыл аймактан биригип жалпы 114 адам, 14 техника даярдыкта турат. Буга чейин ӨКМ агып жаткан суу токтогондон кийин тазалоо иштери жүргүзүлөрүн билдирген. Ошондой эле Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабылып, атайын посттор уюштурулганын кошумчалашкан.
Эске салсак, кечээ Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес.