БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өзгөндө жер тилкелерин трансформациялоодо жасалма документ даярдагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Өзгөн шаарынын 56 жана 39 жаштагы эки тургуну Баш-Дөбө айылынын мурдагы башчысы менен биргеликте 2019-2021-жылдар аралыгында Баш-Дөбө айыл аймагынын жана айылдык кеңештин токтомдорун, жерге муктаж жарандардын тизмесин атайын жасалмалашкан. Документти мыйзамдаштыруу үчүн Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана Кадастрына өткөрүп беришкен.
"Бул кылмыштуу иштин натыйжасында 2021-жылы Өзгөн районунун 22,4 гектар жери "айыл чарба багытындагы" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган", — деп айтылат маалыматта.
Жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоодо расмий документтерди жасалмалоо жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иш козголуп, Өзгөн шаарынын эки тургуну кармалды. Ал эми Баш-Дөбө айылынын мурдагы башчысына айып тагылган. УКМК алдамчылыкка тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатканын кошумчалады.