БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын мыйзамсыз менчиктештирилген Ысык-Көлдөгү имараты мамлекетке кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, имарат менен кошо Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы аянты 800 чарчы метрлик жер тилкеси да кайтарылган.
Бул объект "Б" категориясындагы стратегиялык объект болуп саналат. Участоктун ээси кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу мыйзамсыз экенин моюндап, мамлекеттин балансына кайтарымсыз негизде өткөрүп бергени кошумчаланды.