ИИМ мамкызматкерлерге үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча эки айлык иш-чаралардын алкагында мамлекеттик органдардын кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул ирет милиционерлер Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери менен жолуккан. Анда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза кодекстеринде каралган жоопкерчилик тууралуу атайын даярдалган презентациялар көрсөтүлгөн.
Жыйында өзгөчө көңүл балдардын укуктарын коргоого бурулуп, балдарга карата зомбулуктун кесепеттери да баяндалган.
ИИМ мындай иш-чара президенттин администрациясынын тапшырмасы менен үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана жоопкерчилик тууралуу мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Ат-Башыда аялын бычак менен коркутуп, өрттөөгө аракет кылды делген киши кармалды