БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жекшембиде тоолуу райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +33…+35, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.