БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. МАГАТЭнин көзөмөлүндөгү Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган акыркы чабуулдар эл аралык укуктун эрежелерин одоно бузууда. Бул тууралуу Беларустин президенти Александр Лукашенко Минскиде өтүп жаткан ЕАЭБ саммитинде билдирди
Ал кеп өзөктүк куралды жайылтпоо келишими жана Женева конвенциясы жөнүндө болуп жатканын белгилеген.
"Мындай аракеттер Чернобылдагы апааттан эң көп жапа чеккен Беларуста кандай сезимдерди туудурганын айтпай эле коёюн. Анда радиоактивдүү заттардын калдыгы Улуу Британияда, Германияда жана Швецияда да катталган. Балким, азыр аларды, айрыкча бул ишти жасаган өлкөнү каптабайт деп ойлоп жатышкандыр", — деген Лукашенко.
Ал Ирандын лидери белгилүү жагдайлардан улам ЕАЭБдин байкоочусу катары биринчи саммитине катыша албай калганын кошумчалаган.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аларга агрессиялык кадамын таштаган Израилдин ишин айыптаган өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ мүчөлөрүнө ыраазылык билдирди.
"ЕАЭБдин бүгүнкү саммити биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул агрессияны, аймактык жана глобалдык коркунуч туудурган ишти айыптаган жамааттык позициясын дүйнөгө жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп жатат", — деди ал ЕАЭБ саммитинин катышуучуларына жасаган кайрылуусунда.
Беларусь президенти Пезешкиан билдирүүсүнө комментарий берип жатып Иран "жалгыз эместигин" белгиледи.