БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип Барон каймана аты бар Д.Л.К. жана анын жакындары Д. Р. Е., К.Я.К., Д.К.Ю. кармалган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Шектүүлөр баңгизатты Чүй облусунан Казакстан жана Россияга ташыган. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө аң-терилерди сатуу, Германиядан жана АКШдан автоунааларды ташууга жамынып, жашырышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.