БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн жырылышынан улам 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылганын ӨКМден кабарлашты.
Ведомствонун саат 21:00гө карата берген маалыматына ылайык, абал төмөнкүдөй:
көлдүн дамбасы бүгүн саат 17:31 чамасында жарылган;
суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызып кеткен;
ушу тапта эки тараптуу жол жабык, тазалоо иштери жүрүүдө;
элди көчүрүүгө Кант мэриясынан 11, райондук транспорт кызматынан сегиз кичи автобус тартылды;
учурда суунун нугу турукташты. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган жок;
министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуя болгон жерди тик учак менен көрүп чыкты. Абал министрдин көзөмөлүндө экени айтылды.