БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоо көлү жырылып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта карылар жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендердин пансионатынан 180 адам жана жашоочулар эвакуацияланганы айтылат.
ӨКМ башчысынын тапшырмасына ылайык, Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү-Серафимовка айылдарында көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дрондун жардамы менен Такыр-Төрдүн абалын тактоодо. Жеринде көзөмөл өткөрүү пункту уюштурулуп, куткаруучулар жана атайын техника күчөтүлгөн тартип менен күнү-түнү иштеп жатат. Кырсыктан жабыркагандар жана материалдык чыгым катталган эмес.