БИШКЕК, 26-июн. —Sputnik. ЕАЭБдин товар жүгүртүүсүн дүйнөнүн алдыңкы экономикалык державалары менен салыштырууга болот. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин IV Евразия экономикалык форумунун пленардык отурумунда билдирди.
Жыйын Минскиде өтүп, ага уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери катышты.
Путиндин кебинин урунттуу учурлары:
ЕАЭБ алкагында санариптик инвестициялык платформаны түзүүнү баштоо керек;
союз кызыкдар болгон бардык чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууга даяр. Евразия, Африка, Латын Америкасы өлкөлөрү менен байланыштар активдүү өнүгүүдө. БРИКС, КМШ, ШКУ, АСЕАН, Африка союзунун мүчөлөрү менен байланыштар бекемделүүдө;
Батыштын Россиянын тоңдурулган алтын-валюта резервдерин ыйгарып алгысы келгени ачык эле талап-тоноого жатат. Россиянын активдери конфискацияланса дүйнөдөгү аймактык каржы институттарына карай кыймыл тездейт;
Россияда жумушсуздуктун деңгээли 2,3%ды түзөт, бул — дүйнөдөгү эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бири;
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тынчып баратат. Иран менен Израилдин чатагы артта калды десек болот.