БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сингапурда өткөн мелдешке 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле олжолуу болгону белгиленди.
© Фото / пресс-служба Минпросвещения КР
Алсак, Ысык-Көл облусундагы Зияш Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева жана Бишкектеги "Кут билим" окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу Исхак Тажибаев коло медаль алышкан.
Ал эми төмөнкү окуучуларга сертификаттар тапшырылды:
Али Имран Кубанов — Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;
Алинур Кадыров — "Акылман" президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу;
Теңгиз Жамалов — Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.