БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россияга кирүүнү шарттаган RuID тиркемеси App Store жана Google Play платформаларына жайгаштырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Тиркемени төмөндөгү шилтемелерден жүктөп алса болот:
App Store (iOS)
Google Play (Android)
Каттоо кандай жүргүзүлөт:
Телефонуңузга RuID тиркемесин жүктөп аласыз (App Store же Google Play).
Тиркемедеги анкетада төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз:
жөнөп жаткан өлкө;
сапардын максаты жана мөөнөтү;
барчу региондор;
биометрикалык маалыматтар: селфи, паспорт сүрөтү жана үн жазуу.
Эгер бала менен сапар тартсаңыз, анын маалыматтарын ата-эненин экөө тең толтурушу керек.
Маалыматтар толтурулгандан кийин жана "кара тизмедеги" чектөөлөр жоктугу такталган соң сизге электрондук уруксат берилет.
Эске салсак, 2025-жылдын 30-июнунан тарта виза талап кылынбаган чет өлкөлүк жарандар Бирдиктүү идентификациялоо системасынан (ЕСИА) каттоодон өтүп, кирерден 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө арыз тапшырышы керек. Өзгөчө кыйчалыш учурларда, сапарга шашылыш чыгууга мажбур болсо арызды кирерге төрт саат калганда тапшырууга уруксат берилет.