БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети жакшы темп менен өнүгүп бара жатат. Бул тууралуу Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары, КРСУнун Башкаруу кеңешинин төрагасы Константин Могилевский билдирди.
Бүгүн КРСУнун ректорун шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында университеттин Башкаруу кеңеши Сергей Волковдун талапкерлигин бир добуштан колдоду.
"Башкаруу кеңештин кабыл алган чечими, албетте, университеттин бардык жетекчилигине болгон жогорку ишенимдин белгиси. Биз кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге университеттин өзүнө да, жетекчилик жамаатына да чоң үмүт артабыз", — деди Могилевский.
Ал белгилегендей, КРСУ славян университеттеринин ичинен эң ириси болуп, ишенимдүү түрдө өнүгүүнүн жаңы этабына бет алды.
"Негизги маселелердин бири жаңы кампусту куруу болду. Биздин президенттер макулдашып, иш башталды. Долбоору тандалып, жер тилкеси катталып жатат", — деди Могилевский.