КРСУнун ректорун шайлоо кандай өттү. Видео

Кыргыз-Россия Славян университетинде ректорду шайлоо өтүп, Сергей Волковдун талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.
Sputnik
Ал 2024-жылдын октябрынан бери ректордун милдетин аткарып келген. Ага чейин Г.И.Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин проректору болуп иштеген. Волковдон тышкары дагы эки талапкер: Марат Кудайкулов менен Марина Юрченко болгон.
Жаңы ректор КРСУда билим берүү жеткиликтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана сапаттуу болорун, жаңы билим берүү программалары боюнча иштер улантыларын, ошондой эле аймактарда колледждерди ачуу пландалып жатканын айтты.
"Университет буга чейин алдыңкы компаниялар менен өнөктөштүк келишимдерин түзүп, Камкорчулар кеңешин түзгөн, бул болочок адистерди "рынок үчүн" гана эмес, ишканалардын конкреттүү милдеттери үчүн даярдоого да мүмкүнчүлүк берет. КРСУнун өнүгүүсү университеттин стратегиясында белгиленген үч негизги багытта жүрөт: инженердик-техникалык, социалдык-гуманитардык жана медициналык кластерлер", — деди Волков.
Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары, КРСУнун Башкаруу кеңешинин төрагасы Константин Могилевский белгилегендей, Башкаруучу кеңештин Сергей Волковду бир добуштан колдогон чечими — университеттин бардык жетекчилигине болгон жогорку ишенимдин белгиси.
"Биз кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге университеттин өзүнө да, анын жетекчилигине да чоң үмүт артабыз", — деди Могилевский.
Шайлоого КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, проректорлор жана башка адамдар катышты.
КРСУнун ректору беш жылга шайланат.
Тема боюнча:
КРСУнун Бишкектеги жаңы кампусу кандай болот. Эскиздер