КРСУнун Бишкектеги жаңы кампусу кандай болот. Эскиздер

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусунда бардык шарттар түзүлөт.
Университет эскиздери менен бөлүштү.
1 / 3

Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусу

2 / 3

Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусу

3 / 3

Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусу

Кампуста инженердик жана медициналык кластерлер, жатаканалар, спорттук база жана студенттик бейтапкана болот. Курулуштун жалпы аянты 70,5 миң чарчы метрди түзөт.
Эске салсак, кечээ Россиянын президенти Владимир Путин кампусту куруу жана өнүктүрүү боюнча сунушту жактырганы белгилүү болгон. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагалыгына бир добуштан шайланган.
Сергей Волков Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору болуп шайланды