Радио

Турдубаева: "Түндүк" тиркемеси аркылуу да каттоого турууга болот

Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын миграция бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Турдубаева жарандардын каттоого турушунун жол-жобосу тууралуу айтып берди.
Sputnik
Буга чейин жарандар калкты тейлөө борборлорунан гана каттоого туруп келсе, азыр "Түндүк" аркылуу электрондук түрдө каттоого коюунун жол-жоболору киргизилген. Бул тууралуу Гүлбарчын Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда "Түндүк" тиркемесине кирип, "жашаган жери боюнча" деген графаны тандап, анан үйдүн ээсинин макулдугу менен каттоого туруу мүмкүнчүлүгү бар.
"Учурда биздин мекемеге караштуу мамлекеттик кызматтардын түрлөрү да аябай көп. Алардын ичинде кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоого коюу кызматы бар. Өлкөгө келген ар бир чет өлкөлүк жаран жашаган жери боюнча бул процедурадан өтүүгө тийиш. Ошол себептен чакырган же кабыл алган тарап каттоого тургузушу керек. Бул багытта да үйдүн ээси электрондук каттоого коюлат. Ал эми окууга же ишке чакырган юридикалык жактар биздин мекеме аркылуу кабинет ачуу менен электрондук түрдө жүргүзсө болот. Ал эми мүмкүнчүлүгү жоктор жакын жайгашкан КТБ аркылуу жасаса болот. Бирок чакырган тарап өзү турак жайдын ээси болбосо, анда сөзсүз үйдүн ээсин кошо алып келиши керек", — деди Турдубаева.
Ал белгилегендей, мурда 18 жаштан жогору эркектер аскердик каттоосу болбосо жаңысына коюлчу эмес.
"Учурда эркек балдар кайсы дарек боюнча жаңы каттоого турса, биз аскер комиссариаттарына маалымат беребиз. Муну менен документ иштери дагы жеңилдеди. Ички миграцияга байланыштуу бир райондо туруктуу каттоосу бар, бирок башка районго 45 календардык күндөн ашык жүргөндөр жаңыдан өтүшү керек. Ал эми чет өлкөлүк жарандар өлкөгө кирген беш иш күндүн ичинде турат. Бирок 92 мамлекеттин жарандарына туризмди өнүктүрүү максатында жеңилдиктер берилген. Мисалы, бизге эң көп келген Россиянын жарандары кирген күндөн баштап 30 календардык күнгө каттоодон бошотулат. Ал эми Европа мамлекеттери 60 күнгө чейин каттоодон бошотулат", — деди Турдубаева.
Ал каттоонун мөөнөтү келген максатына жараша болорун кошумчалады.