Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Максим Лисицын футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөн. Россиялык адис менен кошо анын машыктыруучу штабы да толугу менен жумуштан кеткен.
Бүгүн КФБнын вице-президенти Нурдин Букуев Лисицын жетектеген машыктыруучулар штабы менен жолугуп, натыйжалуу иши үчүн ыраазылык билдирди.
Лисицын "Ак шумкарды" бир жыл машыктырып, курама команда үчүн тарыхый учур катары эсептелинген 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундун да жетектеди.
Кыргыз футбол биримдиги FIFA уюмунун беделдүү сыйлыгын алды