Жапаров: 10 жылда Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы соода көлөмү эки эсе өстү

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. 10 жыл ичинде Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе өстү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди.
Биримдик түзүлгөндөн бери андагы мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 триллион долларга жеткени белгиленди. Ошол эле маалда өндүрүш жаатындагы өсүш 29 пайыз, айыл чарбадагы өсүш 25 пайызды түзүп, ал эми өз ара соода эки эсеге көбөйгөн.
ЕАЭБ лидерлери бул отурумда 14 маселени карап чыгышты. Бир катар документтерге, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду.
Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында Монголия, БАЭ менен соода келишимдери түзүлдү.
Лукашенко ЕАЭБдин ички рыногун башкалардай болуп коргоо керектигин айтты. Видео