Нарын облусуна жетекчи болуп Нурбек Сатаров дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Сатаров 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын мартына чейин Нарын облусунун башчысынын орун басары болгон, ага чейин Ат-Башы районун акими, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри да болуп иштеген. Сатаров 42 жашта, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.
Буга чейин өлкө башчы Нарынды жетектеп келген Алтынбек Эргешовду Чүйдүн Токмок шаарына мэр кылып жөнөткөн.
Кызматтары алмашты. Президент Түптүн акими менен Караколдун мэрин дайындады