Кыргызстан менен Россия түбөлүк достук келишимин КМШда биринчилерден болуп түзгөн

Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" келишимге кол койгон. Бул тууралуу Кыргызстан ТИМинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси, КРдин Россиядагы мурдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди.
Бишкектеги Дипакадемияда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" декларацияга 25 жыл толушуна арналган эл аралык тегерек стол өттү.
Отунбаевдин айтымында, СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан менен Россия эки тараптуу мамилелерди калыптандыра баштаган.
"Архивдерден "түбөлүк достук" деген формулировка боюнча демилгени Кыргызстан көтөргөнү көрүнөт. Бул эки элдин узак мөөнөттүү жана бузулгус достугу дегенди билдирген. КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай мазмундагы биринчи келишим ушул болгон. Кийин башка мамлекеттер да ушуга окшогон документтерге кол кое баштаган", — деди Отунбаев.
Ал достук тараптар бири-бирин угуп, түшүнгөн эки тараптуу процесс экенин, учурдагы Кыргызстан менен Россиянын мамилелери ушул келишимдин актуалдуулугун тастыктай турганын кошумчалады.
Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келет