Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?

Sputnik
Мидин Алыбаев бул жарык дүйнөдө 42 жыл гана өмүр сүргөн. Тирүүсүндө чыгармачылыгы да, өзү да баркталбаганы менен Мидин Алыбаевди карапайым эл абдан баалаган. Мунун бир себеби көрө албастык, акындын тикенектей курч тили далай кызматкерлерди сындап өткөн. Ал эми ырлары шедевр.
“Туяк” программасынын коногу доцент Ишенбек Султаналиев Мидин Алыбаев драматург, прозаик катары да мыкты болгонун белгиледи. Анын чыгармачылыгынын уникалдуулугу тубаса куйкум сөздү төкмөлүк талантында экенин белгилеп акындын өмүрү жана чыгармачылыгына байланышкан бир катар маалыматтарды берди.