Быйыл "Мейкин Азия" фестивалы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналат

Sputnik
Быйыл "Мейкин Азия" IV эл аралык музыкалык фестивалына 25 өлкөнүн таланттуулары катышары күтүлүүдө. 20-23-июль күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Белгилей кетсек, бул жылы фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, сынакта аны даназалаган чыгармаларга басым жасалмакчы. "Мейкин Азия" — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында ар эки жылда уюштурулат.
Бул тууралуу "Учур" жаштар театрынын директору, аталган фестивалдын башкы координатору Рыскул Боромбаев "Ачык кеп" берүүсүндө кеп кылды.