БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.
Президент Минскидеги IV Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышты.
Жапаровдун айтымында, ишкерлер кооперациялык долбоорлор боюнча өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Буга байланыштуу тандоо шарттарын жана жабдууларды жеткирүү критерийлерин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Жапаров өндүрүштөрдү жер-жерлерде ачуу аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү, өнөр жай жана айыл чарба жаатында илимий изилдөөлөрдү күчтөндүрүүнү, илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылууну сунуштаган.
Мамлекет башчы Кыргызстан өндүрүштүк өнүгүүнүн негизин түптөгөнүн, индустриялаштыруу маселелери 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча улуттук программага киргизилгенин белгилеген.
Президент Кыргызстан үчүн текстиль, тамак-ашты кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика жана машина куруу тармактары келечектүү болуп саналарын белгилеген.
Жапаров Кыргызстан биримдиктин ичинде да, тышкы өнөктөштөр менен да өнөр жай жаатында активдүү кызматташууну колдой турганын айткан.