ЕЭК өкүлү ЕАЭБде жумушсуздук кыскарып, кесипкөй кадрларга суроо-талап өскөнүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Апрелдин соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздардын саны 693,7 миң адамга жетип, эмгек рыногунун 0,7 пайызын түздү. Бул тууралуу Минскиде өткөн IV Евразиялык экономикалык форумда ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Ал "Эмгек миграциясы — ЕАЭБдин туруктуу экономикалык өсүшүнүн негизи" аттуу сессияда белгилегендей, жумушсуздук өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,5 пайызга азайган.
"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгында жумушсуздук кыскарып, квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык өсүүдө. Бул биримдик ичинде эмгек рыногунун жигердүү өнүгүп жатканын көрсөтөт", — деди Өмүрбекова.
Ошондой эле ал уюмда кадрлар саясатын бирдей нукка түшүрүү зарылдыгын баса белгилеп, мисал катары ширетүүчүлөргө коюлган талаптардын айырмачылыгын келтирди.
"Казакстанда ширетүүчүлөр милдеттүү түрдө аттестациядан өтүшү керек. Кыргызстан менен Россияда баалоо ыктыярдуу, ал эми Армения менен Беларуста мындай талап таптакыр жок. Бул тармакта бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу зарыл", — деди ЕЭК өкүлү.
Өмүрбекова буга байланыштуу эң көп талап кылынган кесиптердин тизмесин түзүп, аларга коюлган талаптарды бирдейлештирүүнү сунуштады.
Минскиде IV Евразиялык экономикалык форум расмий ачылды