БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. ЕАЭБ аймагында дары-дармек өндүрүү өсүп жатканына карабай импортко көз карандылык жогору болууда. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Минскидеги IV Евразиялык экономикалык форумда билдирди.
"Фармацевтикалык продукциянын өндүрүшүнүн көлөмү 10 миллиард долларга жакындады. Ошентсе дагы рыноктун 50 пайыздан ашыгы, тагыраагы, болжол менен 16 миллиард долларлык товар — импорттук", — деди ал.
IV форумдун жүрүшүндө министр дары-дармек өндүрүшүндө колдонулган химиялык заттардын 80 пайызы үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинери түйшөлтө турганын айтты.
"Фармацевтикалык рынок — эң катаал көзөмөлдөнгөн тармак. Дары-дармекти өндүрүү, каттоо, лицензиялоодон тартып баасына чейин жөнгө салынган", — деп түшүндүрдү Ермолович.
Мындан улам аталган рынокто атаандаштыкты өнүктүрүүдө жана монополияга каршы механизмдерди ишке киргизүүдө олуттуу тоскоолдуктар жаралары кошумчаланды.