БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Биригүү жараяндары саясий макулдашуу, укуктук каражаттарды эле эмес, технологиялык механизмдерди дагы талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди.
Ал Минскиде өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумдагы "Бажылык жөнгө салуудагы интеграциялык процесстер: инновациялар жана экономикалык артыкчылыктар" аталышындагы талкуу болгон сессияда доклад окуган.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө автоматташтырылган маалыматтык тутумдар келишимдерди ишке ашырууда негизги орунда турат.
"Санариптештирүү биригүүнүн негизи деп айтууга болот. Ансыз жол-жоболорду шайкеш келтирүү, маалыматтарды салыштыруу, ачык-айкындыкты камсыздоо жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу тууралуу сөз кылууга болбойт. Бүгүнкү күндө Бажы кызматы 2022–2025-жылдарга карата кабыл алынган өнүгүү концепциясынын алкагында бажы тармагын жаңылоо жана майнаптуулугун жогорулатуу иштерин жүргүзүүдө", — деди Мамбетжунушева.
Ал маалыматтык тутумдар товар ташуу, кызмат көрсөтүү, көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзүп, биригүү жараяндарынын негизин түзүп жатканын кошумчалады.