Кожошев: Европа — Азия жолу мультимодалдуу маршрут үчүн негизги аянтча

Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Европа менен Азияны байланыштырган жол — мультимодалдуу маршрут киргизүү үчүн негизги аянтча. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Министр Минскиде өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумдун "Евразиядагы транспорт: мобилдүүлүк, мультимодалдуулук жана санариптештирүү" аталышындагы сессияда сүйлөп жатып, бардык транспорттун жүк жана жүргүнчү ташууда чектөөсү бар экенин белгиледи.
"Мисалы, учурда контейнердик поезддер логистиканын символу болууда. Бирок алардын толук мүмкүнчүлүгүн пайдаланыш үчүн деңиз порттору, кургактагы жана дарыядагы жолдорду айкалыштыруу зарыл", — деди ал.
Анын айтымында, Түндүк, Түштүк, Батыш, Чыгыш жана Евразия транспорттук коридорлорунда заманбап мультимодалдуу борборлорду түзүү — артыкчылыктуу багыт.
"Транспорттук тармакты сергек пайдалануунун негизин санариптештирүү түзөт. Азыркы тапта технологиялар транспорт тармагынын бардык бөлүгүн камтыйт. Бул мобилдүү болууга өбөлгө болот. Транспорттук система санариптештирилсе маршрутту онлайн көзөмөлдөөгө жана тыгындарды алдын алууга мүмкүнчүлүк түзөт", — деди министр.
Транспорттук системалардын толук санариптештирилиши жол кырсыктарынын санын 30 пайызга кыскарта алары кошумчаланды.
Мамбетжунушева: технологиялар — ЕАЭБдеги келишимдерди ишке ашыруунун негизги куралы