УКМК аялды жаакка чаап жиберген милиционерди кармады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26 июн — Sputnik. Бишкекте милициянын кызматкери аялды жаакка чаап жиберген видео соцтармактарга тарады.
Свердлов РИИБи аял милицияга 17-июнда кайрылганын билдирди. Ал 17-май күнү саат 20:00 чамасында ГЭС-5тин аймагында О. аттуу киши мас абалында ага кол көтөргөнүн билдирген.
"Факт каттоого алынып, материалдар прокуратурага териштирүү жүргүзүү үчүн өткөрүп берилген", — деди РИИБ.
УКМК 38 жаштагы шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин тастыктады. Мекеме ошондой эле кармалган киши Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О.Б экенин тактады.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ушул эле киши былтыр июнда дарыгерди чаап жиберип, кылмыш иши козголгону айтылды.
УКМК: Жалал-Абадда милиция полковниги кол алдындагылардан, алар элден акча жыйнаган