БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев санариптик монополист өлкөлөр башка өлкөлөрдү маанилүү продукцияга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы мүмкүн экенин айтты.
Ал Минскиде өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына катышты.
“Кээ бир өлкөлөр дүйнөлүк өнүгүүдө лидерге айланып, бул процесстерди жетектеп калышы мүмкүн. Мындай учурда дүйнөлүк коомчулуктун көпчүлүгү четте калып калат. ЕАЭБ артта калып калбашы керек. Бизде дүйнөлүк өнүгүү процесстерине кошулууга тарыхый мүмкүнчүлүк бар”, — деди ал.
Казакстандын президенти санариптештирүү жана жасалма интеллект ЕАЭБдин абсолюттук приоритети болууга тийиш экенин белгиледи.
Ал ошондой эле келерки жылы Евразиялык экономикалык форум Казакстанда өтөрүн эске салды.