БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгондугун УКМКдан билдиришти.
Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана адилетсиз чечим чыгарууга айыпталууда.
"Ноокат РИИБдин кызматкерлери 707 грамм баңгизат сатып жаткан Н.И. аттуу адамды кармаган. Анын үйүнөн эки килограмм нашаа табылган. Бирок сот анын ишин жеңилирээк беренеге такап, далилдерге карабастан шектүүнү пробацияга чыгарган. Андан кийин шектүү качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
13-июнда Соттор кеңеши А.Г.А. аттуу судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. 21-июнда ал оорусуна байланыштуу тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагына алынган.
Маалымат үчүн: 90 граммдан ашкан гашиш өзгөчө ири өлчөм деп эсептелип, жоопкерчилик каралган.